www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун бүгүн, 28-январда Улуттук филармонияда өткөн ант берүү аземине жалпы 1 миңдей конок чакырылганы айтылган.

Меймандардын катарында экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева, саясатчылар Өмүрбек Бабанов, Кубатбек Боронов, Алмамбет Шыкмаматов, Жылдызкан Жолдошева, экс-премьер-министрлер Медеткан Шеримкулов, Турсунбек Чынгышев, экс-генпрокурор Эльмурза Сатыбалдиев, мурунку финансы министри Марат Султанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Иса Өмүркулов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Аида Касымалиева, Мирлан Бакиров, Айсулуу Мамашова, Бактыбек Жетигенов, Канат Керезбеков, Максат Сабиров, Урмат Самаев, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Жылдыз Мусабекова, Сайдолимжон Жураев, Абдывахап Нурбаев, Кенжебек Бокоев, Жанар Акаев, Аалы Карашев, Улан Примов, Өмүрбек Текебаев, Исхак Пирматов, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев, Каныбек Иманалиев, муфтий Максатбек Токтомушев, ЖАМКтын мурунку башчысы Мелис Турганбаев, Куралдуу күчтөрдүн мурунку башчысы Райимберди Дуйшенбиев, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, машыктыруучусу Нурбек Изабеков, Максат Бегалиев, Дарья Маслова.

Ошондой эле премьер-министрдин жана вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Каржы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбеков, Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости