www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 21 көчөдө автоунааларга чектөө бар. Тизме

Учурда Бишкек шаарындагы 21 көчөдө жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат, деп эскертет Милициянын кайгуул кызматы. Буга байланыштуу унаалардын кыймылына чектөөлөр болот.

Убактылуу жабылган көчөлөр:

Айбийке көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн тартып, Эркин-Тоо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Огонбаев көчөсүнүн Осмонкулов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Стадион көчөсүнүн Магистраль көчөсүнөн тартып, Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Буденный көчөсүнүн Чүй проспектисинен тартып, Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тартып, Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Бакаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Ажыбек баатыр көчөсүнүн Манас көчөсүнөн тартып, Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Ташкент көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып, Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралык;

Сухэ Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн тартып, 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Көкчетай көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Каркыра көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн тартып, Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү (Ак-Ордо ж.к);

Новоя көчөсүнүн Ленская көчөсүнөн тартып, Жеңиш жаңы конушуна чейинки бөлүгү;

Түгөлбай Ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Култегин көчөсүнүн Гидростроитель көчөсүнөн тартып, Эне-Сай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Дордой 2 көчөсүнүн айланма жолдон тартып, №4 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн тартып, Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;

Карасаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн тартып, Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости