www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын жана АКШнын өкүлдөрү Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Рябковдун айтымында, Орусия тарап Донбасста болуп жаткан окуялар боюнча ар тараптуу түшүндүрмөлөрдү берген.

Буга чейин АКШ Украинадагы кырдаал боюнча Орусия менен байланышууга даяр экендигин билдирген. Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, АКШ "Украинанын чыгышындагы Орусиянын агрессиясынын күчөп кетишине" тынчсызданууда, анын ичинде Украинанын жана Крымдын чек арасындагы орус аскерлеринин кыймылы жөнүндө кабарлар бар.

2-апрелде Киев Москваны Донбасста аскердик күчтөрүн куруп жатат деп айыптаган. Украинанын коргоо министрлиги Орусия чек арага кадимки армиянын бөлүктөрүн топтоду жана өзүн-өзү жарыялаган Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын элдик полиция бөлүктөрүнүн даярдыгын күчөттү деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости