www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Кыргызстанга аскердик техниканы бекер берет

Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстанга колдонулбай турган аскердик мүлкүн бекер берүүнү карап жаткандыгын коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты. 

"Казакстандын Кыргызстанга аскердик-техникалык жактан акысыз көрсөтө турган жардамы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору талкуулоо үчүн Ачык ченемдик-укуктук актылар порталына жайгаштырылган", деп жазылат маалыматта. 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечими Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун 2-3-мартта Казакстанга, анын ичинен Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынан кийин кабыл алынганы айтылган.

"Документке ылайык, Казакстандын Коргоо министрлиги колдонулбаган аскердик мүлкүн кыргызстандык кесиптештерине бекер берүүгө даяр. Анын максаты — эки элдин достук маанайдагы мамилеси менен аскердик кызматташуусун андан ары өнүктүрүү, мындан сырткары, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту бекемдөө", — деп жазылган маалыматта.

Мыйзам долбоорунда өзүнчө пункт менен кыргыз тарап макулдашуунун алкагында алган бул жардамды үчүнчү жактарга бере албай турганы белгиленген.

Талкууга коюлган документте бериле турган аскердик техникалардын төмөнкү тизмеси да жайгаштырылган:

  • 5,45 калибрлүү алты миллиондон ашык ок;
  • жогорку-жарылуучу башы бар 122 миллиметрлик реактивдүү снаряд – миң даана;
  • кызгылт сары түстөгү жер үстү менен белги бере турган патрон – эки миң даана;
  • сары түс менен белги бере турган патрон – миң даана;
  • үндү кармап, кабылдай урган "Восток-СП" техникасы – төрт даана;
  • ракетаны ишке киргизүүчү "Галактика" деп аталган комплекс – алты даана;
  • "Калина 12х80" антенналык коммутатору – бир даана.

 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости