www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева УКМКдан 2010-жылдагы Конституциянын түп нускасын табууну талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамдын түп нускасы болбосо, конституциялык реформа боюнча жылыш болбойт жана 11-апрелдеги референдумдун жыйынтыгы мыйзамдуу болбойт.

«Биз баштапкы булакка таянуубуз керек»,- дейт ал.

Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жекшемби күнгө чейин Баш мыйзамдын түп нускасын таап, Жогорку Кеңеш 11-апрелге белгиленген Конституция боюнча референдумду жокко чыгаруу ыктымалдуулугу канчалык деген суроого так жооп берген жок.

Ошондой эле Т.Үмөталиева Алмазбек Атамбаевдин тушунда «англо-саксондук сот адилеттигин» билдирген 11 кодекстин кабыл алынышын кескин сынга алды.

«Сооронбай Жээнбековдун режиминин кулашына кодекстер негизги себеп болду. Ал кодекстерде жазылгандарды аткарбаш керек дегенди уккан жок», - деп түшүндүрдү ал.

Ал кодекстердин түп нускалары дагы жоголгонун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости