www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 5-апрелинде, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан “Алтын Дан” үрөн чарбасына барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Алтын Дан” чарбасы дан эгиндерин өндүрүү менен иш алып барат. Бүгүнкү күндө чарбанын балансында 193 гектар жер аянты дан эгиндерин өстүрүү үчүн пайдаланылат, анын 103 гектар жер аянты суугат жер.

Министрликтин билдирүүсүнө таянсак, 2020-жылы бул чарба жакшы жыйынтыктарга жетишкен.

Чарбанын мындан ары мол түшүм алышына жана эффективдүү иш алып баруу максатында, пионер жана сингента үрөндөрүн колдонуу менен азыркы сортторду өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизип, тапшырмаларды берди.

Эске сала кетсек, быйыл Казакстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясы менен келишимдердин негизинде Кыргызстанга жогорку сапаттагы үрөндөр алынып келинет.

Кыргызстандын дан өсүмдүктөрүнүн өндүрүмүн көбөйтүү үчүн кыска убакытта жаңы сортторду киргизүү жана сортторду жаңылоо өтө манилүү экенин баса белгиледи министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости