www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор шаар Бишкек өсөбү, көчөбү же атын өзгөртөбү?

Бишкектин атын өзгөртүү тууралуу ар кимдин өз көз карашы бар. Табылды Акеров саясий аналитиканы ийнине чейин бышырып, кыргыз тарыхы тууралуу жазгандары түрк элинин аалымдары тарабынан талашка түшкөн инсан. Анын түрк элине сиңген мындай кадыр-баркы кыргыз саясатчылардын да түшүнөн ойготот. Президенттик аппаратка эл тарабынан жетекчиликке көрсөтүлсө да бийлик дайыма бутун тосуп чалып келе жатат.

Бишкек чыныгы каарман болгонбу?

Өткөндө түрк окумуштууларынын Алматы шаарында өткөн симпозиумунда Табылды Акеровдун «Кыргызы: этногенез и история» деген китебине талкуу болгон. Анын китебин окуп, өтө кызыктуу окуяларга, фактыларга бай материалдарды талкуулашкан илимпоздор жакшы баа беришкен. Мисалы, буга чейин Кыргыз мамлекетинин борбор калаасы Бишкек шаары тууралуу кандай гана сөздөр айтылбады. Орусиянын биринчи каналы кыргыздар борбор калаасын кымыз бышкычтан улам атап алышты деп шылдыңдап да чыкпады беле. Ошондо буга жооп катары ар кандай жоромолдор айтылган. Табылды мырза өз китебинде тарыхый булактарга таянып биздин калаанын атына байланыштуу өтө кызыктуу Бишкек баатыр тууралуу уламышты келтирет. Акеровдун китеби аркылуу Бишкек калаасынын аты өтө чоң маанини туюндурганын билүүгө болот. Кыязы, муну Бишкек калаа башчысы жана жалпы депутаттар калың журт эстерине сала жүрсө жакшы болот экен. Акеров келечекте биздин байрагыбыз боло турган жигит.

Ал эми «Улуу биримдик» партиясынын лидери, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштап жатат. Албетте, ал 2010-жылы Убактылуу Өкмөт менен президенттин аппаратын жетектеп турганда Бишкектин атын өзгөртүп койсо, ызы-чууда билинбей калмак. Эми отуз жыл Бишкек кулакка сүйкүмдүү угулуп калганда кантип алмаштырабыз? Рим, Ош, Бээжин шаарлары үч миң жылдан бери, андан кийинки Лондон, Париж, Берлин, Москва сыяктуу шаарлар аттарын өзгөртпөй эле келе жатышат. Өзгөртө бергендерден Шуша Ташкенге, Верный Алматыга, Сталинабад Дүйшөмбүгө, Целиноград Нур-Султанга, Полторацк Ашгабатка, Фрунзе Бишкекке айланды.Чындыгы Фрунзеге караганда Бишкек кыргыздын сөзү. Шаарлардын көпчүлүгүнүн аты кандайдыр бир ысымга байланыштуу эмес, ошол калктын төл сөзү болгону дурус.

“Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт… Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз… Азыр деле Алайбек, Таласбек, Чаткалбек, Нарынбек, Жумгалбек … деген ысымды алып жүргөн канчалаган киши бар, анан кийин ошолордун урпактары биздин бабабыздын атынан өрөөнгө ат коюлган деп чыкса болбойт да… Негизи Чүйдөгү жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес, кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле. Анын үстүнө жазуучу Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен “Бишкек жомогун” ойдон чыгарып жаза салдым эле деп… Эми минтип “Ордо калааны негиздөөчү” катары ташка чеккен таптакыр натуура иш… Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей. Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны “Манас” деп койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга конституция мене кошо чыгарса да туура болот, Ордо калааны Манас деп атоого элдин пикирин сурап. Болбосо Шагапова деген жазуучу жазган жомоктун каарманы, ошонун атынан Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят, шаарыбыздын аты фейк деп кантип айтабыз”, – дейт Каптагаев.

Албетте, Бишкек шаарыны аты чоң талаш туудуруп жатканы чын. Бишкек - биздин мамлекеттеги эң чоң шаар. Борборубуз күн санап өсүп, Чүй өрөөнүнүн эң асыл баалуу айдоо аянттарынын топурактары курулуштун алдында калууда.Топурактарды калыбына келтирүү үчүн миңдеген жылдар керек. Ансыз деле аймагыбыздын көпчүлүгүн айдоо аянтына жараксыз жерлер ээлеп турганда эмне үчүн айдоо аянттарын шаарга салып берип жатабыз?

Жаңы борборлор

Көпчүлүк мамлекеттер борбор шаарларын калкы көп, өнөр жайлуу шаарларына орноштурбай чаканыраак шаарларына орноштуруп келе жатканы белгилүү. Алсак, Америка Кошмо Штаттарында Нью-Йорк, Чикаго, Филадельфия, Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Детройт сыяктуу калкынын саны жер көтөрбөгөн, өнөр жайлуу алп шаарларына карабастан Вашингтонду борбор кылып алган. Мындай көрүнүш Стамбулду эмес Анкараны борбор кылып алган Түркияда, Шанхайды эмес Бээжинди борбор кылган Кытайда, Сиднейди эмес Канберраны борбор кылган Австралияда да бар жана да мындай мисалдар толуп жатат.

Азыркы мезгилде борбор шаарды көчүрүү же жаңы борбор куруу боюнча жаңы тенденциялар башталды. Бул саамалыкты Бразилия баштап берди. Быкы-чыкы болгон борбор шаары Рио-де-Жанейродо калкынын саны агломерациясы менен 30 миллионго чейин жетиши мүмкүн экен. Бирок Бразилия мындан жарым кылым мурун эле учактын түзүлүшүнө окшоштуруп жаңы борбор куруп алышкан. Жаңы борбор Бразилия шаарында өнөр жайы жок, президенттин резиденциясы, Улуттук конгресс, Жогорку сот, министрликтер сыяктуу административдик мекемелер гана жайгашкан. Мындай өбөлгөнү биздин коңшулаш Казакстан туура пайдаланып кетишти. Казак экс - президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен эгемендүүлүктү алган соң борбор шаар Алматыдан артта калган Целиноград (Ак-Моло, Астана, Нур-Султан) шаарына көчүрүлгөн. Муну менен «баурдастар» «Бир ок менен эки» эмес, бир топ коён атып кетишти. Биринчи коён, Нур-Султан так борбордо болбосо да, Казакстандын эң түштүк-чыгыш чекитинде турган Алматыга караганда башка облустарга ыңгайлуу. Экинчи коён, борбор шаар орус тилдүүлөр көбүрөөк Орусия тарапка жакыныраак, бирок борбор шаардын келиши менен бул жакка туш-тараптан казактар да ыктап келип дисгармонияны сактап калышты. Үчүнчү коён, борбор шаар жашоого ылайыктуу Алматыда калса, Алматы шаары дүркүрөп өсүүгө дуушар болмок. Төртүнчү коён, экинчи борбор статусуна ээ болгон Алматы шаары, биринчи борбор статусу жок эле өсүп баратат. Бешинчи коён, чет жактагы чакан шаардын катарындагы Целиноград шаары, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң кооз борборго айланды.

Дүйнөлүк борбор шаарларда дагы бир тенденция бар. Бул борбор шаарга катарлаш жаңы борбор шаар куруу. Совет мамлекетинин убагында жер титирөөдөн таш-талканы чыккан эски Ташкентке катарлаш, жаңы Ташкент шаары курулган. Орусия Федерациясы Москвага катарлаш жаңы административдик Москва шаарын курууга белсенип турушат. Эски Москва шаары Кремль менен кошулуп туристтер шаарына гана айланып калмакчы. Мындай саамалыктарды азыр дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер колдонууда. Алар борбор шаарга катарлаш анча алыс эмес жерлерге административдик борбор куруп жатышат.

Эмне кылуу керек?

Биздин мамлекетте деле жаңы борбор тууралуу ойлонууга убакыт жетти. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны эмне кылуу керек деген суроого такалса болот. Кээ бир адамдар борборду Ошко көчүрүү керек деп калышат. Бул туура эмес ой. Мунун себептерин айтып берейин. Биринчиден, ооба Ош шаары Бишкектен кийин эң ири өнөр жайлуу шаар, бирок Фергана өрөөнү каалаган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ылайыктуу, эң асыл топурактуу жер экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул жердин ар бир чарчы метр жери алтынга барабар. Экинчиден, деги эле Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 54,8 пайызы гана айыл чарбасына жарактуу, калганын айыл чарбасына жараксыз аска-зоокалар, тоо чокулары, мөңгүлөр, тоо-таштар ээлеген. Эми айыл чарбасына жарактуу жерлердин 12,3 пайызын гана айдоо аянттары, мындай эсептегенде жалпы мамлекетибиздин 6 эле пайызга чукулун айдоо аянты ээлегендиктен айдоо аянтын, демография өсүп бараткан ушундай заманда курулуштун алдына салып берүүгө жол бергенге болбойт. Келечек кечирбейт. Үчүнчүдөн, Ош шаары мамлекеттин түштүк четинде, демографиялык жактан чыңалып өсүп бараткан опурталдуу Өзбекстанга өтө жакын жайгашкан. Бүгүн го президент Мирзиёев турат. Эртең дагы бирдеме болуп кетсе, биз өзбектер эмне болот деп, борбор шаарыбыз Ошто болсо өзбектерге көз каранды болуп калабыз. Азыркы заманда авторитардык режимде болгон араб мамлекеттеринде эмнелер болуп атат. Бул Жалал-Абад, Баткен сыяктуу түштүктүн шаарларына борборду көчүрүүгө болбойт деген сөз.

Ысык-Көлдүн экологиясын сактайбыз деген адам, деги эле борборду көл тарапка жолотпош керек. Талас болсо Кыргызстандын четинде. Акылы тайкы киши эле борборду Нарынга алып барбаса, ал жакты ойлоп да койбош керек. Нарындын суугунда Нарынга суутуп коюптурбу, Бир убакта чүрчүттөр Ак-Сай, Арпаны аралап жүрүшкөн. Токмок, Кара-Балта асыл топурактуу Чүй өрөөнүндө эмеспи. Бишкектен кандай айырмасы бар?

Кут болсун, Манас шаарыбыз!

Азыркы дүйнөлүк катарлаш борбор шаар куруу тенденциядан артта калбай, биздин деле жаңы борбор шаарды куруу мезгили жетти. Бул үчүн жанатан бери какшап аткан асыл топурактуу айдоо аянттарын Чүй өрөөнүндө жоготпоштун бир айласы бар. Бишкек шаарынан анча алыс эмес Кыргыз-Ала-Тоосу менен Басбөлтөктүн ортосунда орун алган Байтик өрөөнү бар. Бул өрөөндүн аянты борбор шаарга ылайыктуу 170-180 чарчы километр. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1100-1300 метр, климаты мелүүн континенттик: жайы салкын, кышы абдан суук эмес.Бишкек шаарынан айырмаланып, бул өрөөндө айдоо аянтынан тышкары адырлар, сайлар, айдоого жараксыз, а бирок бийик кабаттуу үй курууга абдан ылайыктуу таштак жерлер бар. Шагыл, чопо, топурак сыяктуу үй курууга ылайыктуу каалаган курулуш материалдары ушул аймакта. Ата-Бейит, Байтиктин күмбөзү сыяктуу архитектуралык курулуштар жайгашкан. Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Арашан, Байтик сыяктуу жана башка айылдар бар.Ушул аймакта жаңы борбор шаардын генералдык долбоорун түзүп, Бишкекти талабай жер берсе тез эле өсүп кетет. Административдик борборду чогуу бир жерге жайгаштырып, калганын жалаң көп кабаттуу үй курууга багыттаса, бул жер тез эле борбор шаарга айланып кетмек.

Шаардын курулушуна акча каражатын кайдан табабыз дештин да кажети жок. Бишкек шаарынын айлана-тегерегинде курулуш жасоого таптакыр мораторий жасап, курулуш объектилеринин бардыгын жаңы борборго жөнөтүү керек. Жаңы борбордун курулушу башталса чет мамлекеттен инвестициялар агыла баштайт. Казактар деле Алматыдан алыска барып заманбап борбор куруп алышты. Орусия да заманбап борборун куруунун камында. Биз Ошубузду талкалап алып, кайра курдук. Бишкегибиз болсо ботко болуп жатат. Заманбап борбор шаар курууга убакыт келди.

Кокус борбор шаарыбызды куруп калсак, атын эмне деп коёбуз деп эмитеден ойлонушубуз керек. Байтик өрөөнүндө экен деп Байтик деп койгон жарашпайт. Байтиктин жыйырма сартты чапкандан артыгыраак деле жалпы кыргызга сиңирген эмгеги жок. Андан көрө кыргызга кут алып келсин деп Манас шаары деп атап алсак, кыргызга кут түшүп калышы ажеп эмес. Анда эмесе кут болсун Манас шаарыбыз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости