www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү Орусиядан сатып алчу «Спутник V» вакцинасы 118 миң кишиге ылайыкталган. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз бийлиги Орусиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн 215 миллион бөлгөнү жатканын айткан. Вакцинаны акысыз негизде 65 жаштан өткөндөр, өнөкөт оорусу барлар жана каалоочулар алса болору кошумчаланган.

Мындан тышкары, министрдин орун басары ушул тапта Кыргызстан боюнча 644 киши коронавируска каршы эмделгенин билдирди.

«29-марттан 5-апрелге чейин 644 киши эмделди. Алардын 214ү Бишкектин, 258и Ош шаарынын, 109у Чүй облусунун тургундары. Ал эми Ош облусунан 20, Ысык-Көлдөн 43 киши вакцина алды», деди Бектурганов.

29-мартта башталган эмдөөнүн алгачкы этабында кыргызстандык медиктер Кытайдан жардам иретинде келген Sinopharm вакцинасын пайдаланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости