www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: Кар көчкү түшүп, жолдорго муз тоңот

2021-жылдын 6-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.

Кар көчкү түшөт деген кооптуу аймактар:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу;
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы;
  • Өтмөк ашуусу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы;
  • Чапчыма ашуусу, 200-215-чакырым;
  • Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымдарында;
  • Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы,
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымы
  • Кара-Гөө ашуусу,
  • Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-чакырымы;
  • Талдык ашуусу, Сары-Таш-Дароот-Коргон – Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында;
  • Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости