www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 22 млн сомдон ашык суммадагы ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна Ч. Г. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылып, өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдаланып, жабырлануучуну банкомат аркылуу банктык картага акча которууга көндүрүшкөн. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 22 130 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү жана жүргөн жери аныкталды: Т. Ж., 2002-жылы туулган жана К. Э., 2006-жылы туулган. Көрсөтүлгөн шектүүлөр Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96 жана 97-беренелеринин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, далилдерди чогултууга жана болгон окуянын бардык жагдайларын тактоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды сак болууга чакырат. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери эч качан банктык карталарга акча которууну талап кылышпайт жана телефон аркылуу купуя маалыматтарды сурашпайт.

Эгерде сиз ушуга окшогон алдамчылык аракеттеринин курмандыгы болуп калсаңыз же тергөө иштерине көмөк көрсөтө турган маалыматка ээ болсоңуз, жашаган жериңиз боюнча ички иштер органдарына же 102 телефону аркылуу токтоосуз кайрылууңузду суранабыз.

Последние новости