www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарынын мэриясында өрттүн кесепетинен батирлери жабыркаган жарандарга камсыздандыруу сертификаттарын тапшыруу аземи өттү.  Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Алима Нурланова тапшырды.

Жалпысынан сегиз жаран компенсация алып, ар бирине 1 млн сомдон төлөндү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 8 млн сомду түздү.

Мэр Айбек Джунушалиев мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, шаар тургундарына ден соолук жана бакубатчылык каалады.

«Кырсык айттырбай келет. Тилсиз жоо 68 батирге зыян келтирген, бирок алардын ичинен сегизи гана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу камсыздандырылган экен. Биз мүлктү 100% камсыздандыруу милдетин коюп, бардык шаар тургундарын буга чакырабыз», — деп баса белгиледи мэр.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы өз убагында тиешелүү чечимдерди кабыл алып, дагы 22 жабыркаган батирдин жашоочуларына материалдык жардам көрсөткөн.

Эске салсак, 2025-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов проспекти, 16 дарегинде жайгашкан үч кабаттуу турак жайда өрт чыгып, жалын каптаган аянт болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн.

Последние новости