www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 3 жашар бөбөк табылып, милиция ата-энесин издеп жатат

Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Бөбөк №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасында ойноп жүргөн. Ал тууралуу маалымат социалдык тармактарга да чыккан.

Бою 90 сантиметр, арыкчырай, чачы кара. Үстүндө чаар куртка, көк түстөгү жинсы шым. Башында «Tangua» деген жазуусу бар кызыл топу.

Наристенин ата-энеси тууралуу билгендер болсо, бул номерлерге кабарлап коюңуздар: (0700) 10-33-84, (0707) 21-43-59, (0312) 54-41-84 же 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости