www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 30 автобус айдоочусу иштен алынат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустардын айдоочулары менен жолугушту.

Борбор калаанын башчысы муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады.

Мэр президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Бишкек шаарына 1000 жаңы автобус сатып алынганын эске салды.

"Жол эрежелерин сактоо керек. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо", - деп кошумчалады Жунушалиев.

Мэр муниципалдык автобустардын айдоочуларына жол эрежесин так сактоону эскертти.

Белгиленгендей, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, башкача айтканда, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган светофордон өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка одоно эреже бузуулар үчүн Бишкек шаардык транспортунда 30 айдоочу иштен алынат.

Ошондой эле ишкананын базасында айдоочулар системалуу түрдө билим алып, өз жөндөмдөрүн өркүндөтүшү үчүн 5 симулятор орнотулган.

Последние новости