www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шакиев: Аскар Акаевдин күнөөсү чоң

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүүдөн баш тартты. Парламент төрагасы Нурлан Шакиев сөз сүйлөп, туура чечим болгонун билдирди.

«Бул аябай маанилүү маселе болчу. Көз карандысыздыктын 34 жылында өлкөбүздө кандай кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң. Аксы окуясы боюнча шайлоочулар буга терең тынсыздануу менен көңүл буруп жатты. Биз туура чечим чыгардык деп ойлойм. Буга тарых өзү жооп берет. Эл өзү баасын берет»,— деди ал.

Последние новости