www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш мурдагы президент Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты. Мындай чечимди парламент бүгүн, 25-сентябрда кабыл алды

Белгилүү болгондой, буга чейин Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кат жолдоп, анда депутаттык комиссия түзүп, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы аны экс-президент макамынан ажыраткан декретин жокко чыгарып, «экс» макамын кайтарууну өтүнгөн.

Парламенттин тармактык комитети анын арызын карып чыгып, Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин өтүнүчүн четке кагууну сунуштаган. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар Акаевге «экс» макамын кайтаруу үчүн депутаттык комиссия түзүүдөн баш тарткан. 

Последние новости