www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 31жаштагы Гүлназ Мурсакматова дайынсыз болууда

Бишкекте 31 жаштагы Гүлназ Мурсакматова дайынсыз болуп изделүүдө. Ал бир күн мурда Бакыт үйүнүн алдында адашып кеткенин бир тууганы билдирген.

Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Гүлназ Мурсакматова 11-апрелде саат 12:30 чамасында Бакыт үйүнүн айланасынан адашып, ошол бойдон жүргөн жери дайынсыз болууда. Ал экинчи топтогу майып.

Изделип жаткан Гүлназ Мурсакматованын бою 156 сантиметр, чачы кара, узун.

Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери боз түстөгү водолазка, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнүшөт.

Байланыш номерлери: 0557 11-94-10, 0553 10-23-87, 0702 49-88-88, 0552 10-27-43, 0702 22-85-05 же 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости