www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

WhatsApp тиркемесинде эркек кишинин кичинекей баланы сабап жатканы тартылган видео тарады.

11-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-февралда Ысык-Ата районунун тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Ал жарандык күйөөсү баласын сабаганын билдирген.

Бала — шектүүнүн өгөй баласы. Арыздануучунун айтымында, жолдошу баланы сабаганын видеого тартып, WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган К.К. атту жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Медициналык корутундуга ылайык, баланын ден соолугуна зыян келтирилген.

3-мартта тергөө аяктап, кылмыш иштин материалдары сотко өткөрүп берүү үчүн Ысык-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Учурда бул окуя боюнча сот процесстери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости