www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Хаджиев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда маданий байланыштар, маалымат, спорт, жаштар саясаты тармагындагы тажрыйба алмашуулар тууралуу кеңири пикир алышуулар болду.

Хикмет Хаджиев Кайрат Иманалиевди Бакуга келип Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин жыйынына катышып жаткандыгына жана Азербайжан мамлекети менен кызматташуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Министр Кайрат Иманалиев Азербайжан мамлекетинин улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзгөчө баа берип, азыр да театрлар кеңири кайрылып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда да Узеир Гаджибеков, Кара Караев, Полад Бюл-Бюл оглы, Муслим Магомаевдин, Бактыяр Вахабзаде, Анар Рязаев сындуу Азербайжан элинин улуу таланттары кеңири таанымал экенине токтолуп өттү.

Бүгүнкү күндө маданият элдердин ортосундагы алтын көпүрө эске алып маданий кызматташтыкты жакшыртуу, бири-бирине кеңири таанытуу учурдун талабы экендигин баса белгиледи. Хикмет Хаджиев бул демилгелерди Азербайжан тарап колдоорун айтып алдыда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга расмий иш сапары ыңгайлуу убакка пландалып жаткандыгы тууралуу кабарлады.

Президенттин кеңешчиси Азербайжан бийлиги Кыргызстандын элинин ар тараптуу өнүгүшүн кубаттарын айтып албан ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости