www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Айга учурула турган ракетанын кыймылдаткычын Стамбулдун жанындагы Шиле аймагында сынады. Бул тууралуу өлкөнүн өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк 11-апрелде «Твиттердеги» баракчасына жазды.

"Улуттук космостук программанын алкагында Айга учуруу долбоорунун биринчи баскычы болгон катуу ылдамдыкта конуу чарасына даярдыктарыбыз улантылууда".

Сыноонун кийинки айлампасы май айында өлкөнүн түндүгүндөгү Синоп шаарынын жанында жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, дагы бир "Sonda" ракетасынын кыймылдаткыч системасы сынактан өткөрүлдү.

Быйыл жыл башында түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн Космос программасын жарыялаган. Батыш медиасы бул долбоорду дымактуу деп сыпаттаган. Өлкөдөгү оппозиция болсо анын экономикалык катаал шартта башталып жатканын айтып, Эрдоганды сындаган.

Анкара өзүнүн космодромун түзүп, космонавттарды даярдоону, ошондой эле жарандык жана аскердик муктаждыктар үчүн жаңы спутниктерди космоско чыгарууну көздөп келет. Программада Айдын эки экспедициясы - 2023 жана 2028-жылдарга пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости