www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 4-июндан 6-июнга чейин айрым көчөлөрдө жана жол тилкелеринде транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр Кыргызстанда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилүүдө. Иш-чарага чет өлкөлүк расмий делегациялар катышат.
Убактылуу чектөөлөр төмөнкү багыттарда каралган:
Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортуна баруучу жол);
Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
Байтик Баатыр көчөсүндө.
ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол кыймылындагы чектөөлөрдү эске алып, каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырды.