www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 4 курулуш компанияга 92 миң сомдук айып пул салынды

Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы курулуш объекттерине рейд жүргүздү. Бул тууралуу Мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Токомбаев көчөсү 21а/3, Рыскулов көчөсү жана Жибек жолу проспектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, Укук бузуу жөнүндө кодексинин 2- беренесинин 177-бөлүгүнө ылайык жалпы суммасы 92 миң сомго төмөнкү компанияларга протокол түзүлдү:

- «Профит-Экспресс» ЖЧКсы;

- «Турпан Строй» ЖЧКсы;

- «Роял Констракшн» ЖЧКсы;

- «Авангард Стиль» ЖЧКсы.

«Курулуш объекттери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жуучу) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат», - дейт мэрия.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости