www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун аскерлери жалданмалардын атын жамынып Украина тарапта согушуп жатат. Бул туурасында Россия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы ыкчам башкармалыгынын жетекчиси, генерал-полковник Сергей Рудскойдун айтканын РИА Новости жазды.

"НАТО аскерлери согушка жалданмалардын атын жамынып алып катышууда. Алар абадан кол салууга каршы ыкчам-тактикалык жана залп менен аткан ракеталык системалардын комплекстерин башкарып, камалоочу отряддардын курамына кирет", — деп айтып берген Рудской.

Анын маалыматына караганда, НАТО офицерлери Украина Куралдуу күчтөрүнүн согуштук операцияларын даярдоо иштерин "түздөн-түз" аткарып жатат.

Буга чейин Россия лидери Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков жалданган көп аскерлер согушка Украина тарапта туруп катышып жүргөнүн, маалыматтар улам тасыкталып жатканын айткан эле. 2023-жылдын декабрында РФ коргоо министри Сергей Шойгу Куралдуу күчтөр атайын операция башталган мезгилден бери 5,8 миңге чукул чет элдик жалданма аскер жок кылынганын, Украина аймагында өтө мыкаачылыкты жасаган аскердик 103 кылмышкердин көзү тазалангандыгын билдирген.

Аталган ведомстводон мобилизация планы ишке ашпай жана украиналык күчтөр көп жоготууга учурагандыктан Киев жалданма аскерлерди тартууга басым жасаганын билдиришти. ЦРУнун жардамы менен АКШ, Канададан жалдап келип жаткандыктары айтылды. Мындай жол менен Азиядан, Латын Америкасынан, Сириянын америкалыктар көзөмөлдөгөн райондорун кошкондо Жакынкы Чыгыштан да тартышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости