www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековдун кызматтык автоунаасы велосипед менен бараткан адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Интернетке жарыяланган видеодо министр менен анын айдоочусу жабыркаган жаранга жардам берүүгө аракет кылып, аны унаага отургузуп жатканын көрүүгө болот.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 16-февралда Анжиян облусунун Карасуу шаарында болгон. Озодбек Назаров бул шаарга президенттин сапарынын алкагында барган.

"Жабыркаган адам дароо ооруканага жеткирилип, ага ыкчам медициналык жардам көрсөтүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын саламаттыгына байланышкан олуттуу же коркунучтуу жагдайлар жок экени аныкталды", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Азырынча бул боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Жол коопсуздук кызматы комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости