www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 4 курулуш компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан жолду бузгандыгы үчүн 4 курулуш компаниясына айып пул салынды.

«Нур Имарат Курулуш» ЖЧКсы кайрадан көрктөндүрүү эрежелерин бузган. Анын оор жүк ташуучу унаасына Ахунбаев көчөсү 222 дарегинде жолду бөлүүчү тилкени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү жана айып пулдун суммасы 17 000 сомду түзгөн.

Ушундай эле мыйзам бузуу «Чыгыш-5» кичи районунда да катталган. Асфальт-бетонду бузгандыгы үчүн «Улар» курулуш компаниясына 17 000 сом айып пул салынды. Ошондой эле жол бузуу боюнча «ДорСтрой Групп» ЖЧКсына протокол түзүлүп, 17 миң сом айып пул салынган.

Андан тышкары жерге төшөлгөн таштарды калыбына келтирүү боюнча буйрук чыккан. Жол компаниянын эсебинен калыбына келтирилет.

«Легенд Девелопмент» ЖЧКсы тарабынан Байтик Баатыр көчөсү 90 дарегинде жайгашкан тротуар бузулуп, аталган компанияга да 17 000 айып пул салынды.«Жолду, көчөнү же башка жол курулуштарын бузгандыгы үчүн жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17000 сом айып салынат», - дейт мэрия.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости