www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1970-жылы туулган Д.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Милиция алдамчылыктын курмандыгы болгондорду дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга же "102" кыска номери аркылуу кабарлоону эскертет.

Последние новости