www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Дордой" базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү боюнча жеринде жыйын өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында көчөнүн учурдагы абалы, унаа кыймылынын өтүмдүүлүгү жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, аталган көчөнү оңдоо жана кеңейтүү иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кожевенная көчөсүнүн Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.