www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкек шаарындагы “Хисса бинт Зайд” аялдар өнүктүрүү борбору уюштурган “Кыз Бурак” чыгармачыл кыздар жайкы лагери өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун өкүлү Жазгүл Өмүрзакова билдирди.

Анын айтымында, бир ай бою иш жүргүзгөн лагерде Бишкек шаарынан жана аймактардан чогулган 50дөн ашык окуучу кыз диний сабаттуулук, анын ичинде куран жана араби тили боюнча сабак алышты. Алар ошондой эле 30 күн бою кол өнөрчүлүк, кулинария, чечендик өнөр, поэзия, сүрөт тартуу, аквагрим жана стол тенниси менен да алек болушту. Кыздарды диний аалымдар, дин жаатындагы жана башка тийиштүү тармактардагы адистер окутту. Бүтүрүүчүлөр соңунда атайын сертификаттарга ээ болушту.

Кыздардын баары ата-энелеринин уруксаты менен лагерге келишкен. Жатаканада жатып окугандар бир айга 6 миң сом, ал эми келип кетүүчүлөр 3 миң сом акы төлөшкөн.

“Хисса бинт Зайд” борбору бул жайкы лагерди былтыр да уюштурган эле. Мекеме эми аны жыл сайын улантууну көздөп жатат.

Кыргызстанда экстремисттик уюмдарга аялдардын тартылышы да көбөйгөнү айтылып келет. Буга байланыштуу мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар кыз-келиндердин диний сабаттуулугун өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерди жанданткан - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости