www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 55 жаштагы аялга антибиотик дарысы сайылгандан көп өтпөй, өзүн жоготкон. Бардык медициналык тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, аял каза болгону тууралуу маалыматтар соцтармактарга чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, маркум жашаган жеринде жүрөк оорусуна байлаыштуу кардиоревматологго такай көрүнүп турган.

"Антибиотик дарыны дарыгер дайындаган, бул дары Кыргызстанда каттоодон өткөн. Учурда бул окуя ар тараптан иликтенип жатат", деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек департаментинин маалыматында, 2022-жылы антибиотик сайдыргандан көп өтпөй анафилактикалык шок же аллергиялык реакция 14 кишиден катталып, алардын төртөө кайтыш болгон.

Быйыл январда Кыргызстанда тогуз адам цефтриаксон дарысын алгандан кийин анафилактикалык шок болуп, бири көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости