www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14 тонна тоют аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүк Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, текшерүүдө жүктүн ветеринардык коштомо документи жок болуп, ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.

Ошентип, инспекторлор тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости