www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 6 бейтаптын боору алмаштырылат

Бишкекте алты бейтап жана алардын донорлору боорун алмаштырууга даярдыктан өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аларга операция Түркиянын Инөнү университетинин адистери менен биргеликте жүргүзүлөт. Анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө. Окуудан өткөн жергиликтүү медиктердин эки бригадасы дагы операция жасоого даяр.

 

30-май күнү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты.

Анын айтымында, Бишкектегия операция Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында жасалат.

«Кыргызстанда боорду алмаштырууга даярдык иштери аяктады. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет. Операциялар 2024-жылдын 4-5-июнуна пландалууда», — деп белгиледи министр.

Боор алмаштыруу боюнча операция президенттин фондунан каржыланат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости