www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолдун курулушу быйыл жыл башында башталган. Учурда Жазы дарыясындагы узундугу 77,25 метрди жана Кара-Дарыя дарыясындагы узундугу 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Жолдун башка тилкелеринде иштер кызуу жүрүп жатканы кабарланды.

Жолдун жалпы узундугу 13,49 чакырымды түзөт. Курулуш иштерине 300 адам жана 92 техника тартылган.

Буга чейин аталган жол жыл аягына чейин бүткөрүлөрү маалымадалган.

 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости