www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте автобустук каттамдарды оптималдаштыруу иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 1-июлдан тартып борбор калаадагы № 100, № 101, № 13, № 33, № 40, № 44, № 104 жана № 226 автобустук каттамдардын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет.
Өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун арттырууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун сапарларын алдын ала пландаштырууга жана жаңыланган автобустук каттамдарды эске алууга чакырат.