www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмокто жаштардын катышуусундагы мушташ боюнча беш балага чара көрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 01:22 чамасында социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан «Нарын шаурма» тез татым жайынын жанында жаштардын мушташы тартылган видео аныкталган.
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге милициянын кайгуул жана ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Ыкчам көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуяга катыштыгы бар беш жаран аныкталып, Токмок ШИИБге жеткирилген.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуянын катышуучулары бири-бирине карата эч кандай доо-арызы жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн баш тартышкан.
Ошол эле учурда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн окуяга катышкан беш жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.