www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылды

Борбор калаада курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте балдардын мектепке баруусун текшерди. Жалпысынан 50 мектеп изилденген.

Алсак, №6, 60, 28,54,59,72,95,103 мектептерине санитардык нускамалар даярдалды. Бүгүнкү күндө окуучулардын 20%ы мектепке барбай жатат.

Эске салсак, мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлери арасында КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл башынан бери өткөн жылдын ушул мезгилине чейин 78 миң 368 курч респиратордук вирустук инфекциялардын 78 миң 656 учуру катталган.

“Урматтуу жарандар! Сураныч, сактык чараларын көргүлө — беткап тагынгыла жана вирустук инфекцияга кичине эле шектенүү менен балдарды мектепке жана бала бакчага жибербегиле”- деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости