www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик Эмилди же элди тандаш керек!

Бишкек мэри "Мекенчил" партиясынан болсо эле ал кол тийгис болуш керекпи? Мэр, Эмил Абдыкадыров мэр болуп келгени шаардын ичи таштанды полигонуна айланды.

Маршруттук каттамдар азайып, кыштын кычыраган ызгаарында мектеп окуучулары көчөдө калышты. Шаар боюнча жөө басканга жарытылуу бир тротуар жок. Тротуарларды салганга, эскилерин жаңылоого бөлүнгөн каражаттар кимдин сол чөнтөгүнө солонуп жатканы белгисиз.

Айтор, кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп эле жатат. Мектеп кургандарына эле мактанып бүтпөйт. Ал мектептердин сырты жалтырак болгону менен ички сапатында көп маселе болоору шексиз келечекте.

Андан сырткары, учурда Бишкек шаары ышталып, коюу түтүн каптады. Бишкек мэриясы кыштын камын көргөн эместиги ачык эле билинди. Эмил Абдыкадыров шалаакы мэр, шалаакы жетекчи болуп калды!

Отуз жылда Бишкекте мындай шалаакы мэр болгон эмес! "Мекенчил" партиясын бир кезде колдоп койгон экен. Ошонусун милдет кылып, мэрлик креслодо тырышып отура береби? Тырышып кетпей отурганына жараша президент Садыр Жапаровду сөзгө калтырбай иштесе болмок да.

Учурда ышка ууланган шаар тургундары бийликке аябагандай нааразы болушууда. Бишкек шаары дүйнө жүзүндө эң кир шаар аталып биринчи орунга чыкты! Бул үчүн уялып "өлүш" керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости