www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш түшкөндө Бишкек жыл сайын баягы эле эски маселеге такалат – шаарды кара түтүн каптайт, экологдор жыйын өткөрүп, макала чыгарып, бийликке кайрылат. Жогорку кеңеш дагы ар башка талкуу жүргүзүп, өкмөткө тапшырма берет, аңгыча кыштын 2-3 айы өтүп кетет, смог көрүнбөй калат жана ызы-чуу токтойт.

Жайында деле түтүн бир топ, бирок көмүр жагылбагандыктан жана бак-дарактар жашыл болгондуктан, кышка караганда азыраак. Ошондуктан, аны менен кышында гана эмес, жазында да, күзүндө дагы, жайында да күрөшүү зарыл, экологияны жакшыртуу үчүн чара көрүү керек, бирок көрүлбөйт.

Акчаны Батыштан жана эл аралык уюмдардан сураганга көнүп алганбыз, өз маселелерибизди өзүбүз чечкенге жарабайбыз. Ошол эле учурда, акчасын кайда коротууну билбеген байлар да көп, алар улам жаны университет же тойкана ачып, чет мамлекеттердин экономикасына дагы инвестиция жасайт, бирок өз мекени жөнүндө ойлобойт, анткени бийлик ал үчүн шарт түзгөн эмес.

Последние новости