www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында дайындалган Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максүтовго нааразы пикирлер айтыла баштады.

Айрыкча кадр маселесинде бир топ "интригалар" жаралып, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси Алмазбек Истамбаевдин "косяктарына" көз жумуп, аны кайра корголоп жатканын кандай түшүнсөк болот?!

Өткөн жумада Италиянын белгилүү опера жана эстрада ырчысы Алессандро Сафинанын "сольный" концерти үзгүлтүккө учурады. Бул терс көрүнүш боюнча Опера балет театрынын жетекчиси Истамбаевдин кылы да кыйшайган жок. Эгер ушундай темп менен кете берсе, театрдын иши жакында оңолбойт. Ансыз деле учурда эмгек жамааттын ички атмосферасы анчейин жакшы эмес экени белгилүү болду.

Министр Алтынбек Максүтов мындай интригаларга аралаша берсе, анын министрлик доору көпкө узабайт же узабайт....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости