www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында 2026-жылдын 8–11-июнь күндөрү борбор калаанын тургундары жана коноктору ачык асман алдында өтө турган акысыз кино көрсөтүүлөргө күбө болушат.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) уюштурулуп, шаардыктарга кино искусствосунун өзгөчө майрамын тартуулайт.
Фестивалда чоң экрандан ар кыл өлкөлөрдүн жана маданияттардын мыкты тасмаларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бир нече күнгө созулган көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө аянт заманбап ачык кинотеатрга айланып, шаар тургундары үчүн жайкы кечтерди мазмундуу өткөрүүгө шарт түзөт.
Ачык асман алдындагы кино көрсөтүүлөр фестивалдын негизги максаттарынын бири болгон кино искусствосун кеңири аудиторияга жеткирүүгө багытталган.
Уюштуруучулар кино сүйүүчүлөрдү, үй-бүлөлөрдү жана жаштарды маданий иш-чарага активдүү катышууга чакырышат.
Кирүү акысыз.