www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 5-июнунда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Папан айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушуусунда коомдук тартипти бузган жаранга карата сот чечими чыкты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Папан айыл аймагынын 1966-жылы туулган Т.Б. аттуу тургуну жыйын учурунда коомдук тартипти бузуп, бир нече ирет берилген эскертүүлөргө карабастан жарандарга тоскоолдук жараткан.

Натыйжада ал жыйындар залынан чыгарылган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кара-Суу райондук соту аталган жаранды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча күнөөлүү деп таап, 30 саатка коомдук жумушка тартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Ошондой эле анын алкоголдук мас абалда болгону аныкталганы белгиленди.

Последние новости