www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот

Бишкек мэриясы 17-октябрдан тарта салтка айланган арзан баадагы айыл чарба азыктарынын жарманкесин уюштурат. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жарманке көпчүлүктүн өтүнүчү менен ачылып, ишемби, жекшемби күндөрү иштейт. Анда фермерлер өздөрү өндүргөн жашылча, мөмө-жемиштерин, бал, эт жана сүт азыктарын шаар тургундарына сунуш кылышат. Мэрия бардык санитардык эрежелер сакталарын айтууда.

Жарманкенин даректери:

Ленин району:

  • Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү (“Рахат-Лукум” кафесинин бет маңдайында).

Октябрь району:

  • 12-кичи районунда Нуркамал Жетикашкаев жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши.

Биринчи май району:

  • Скрябин жана Абай көчөлөрүнүн кесилиши (К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жанында);

Свердлов району:

  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши.

Жарманкенин ишин акимчиликтин кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкаруу органдары, милициянын өкүлдөрү көзөмөлгө алат. Ар бир азык санитардык-эпидемиологиялык органдардын, шаардык ветеринардык мекеменин кылдат көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылын тескөөгө алат.

Жарманкеге катышууну каалаган фермерлер төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:

  • Октябрь району — 0(312) 576392;
  • Ленин району — 0(312) 656906;
  • Свердлов району — 0(312) 433891; 
  • Биринчи май району — 0(312) 324913.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости