www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция: Өткөн түнү Бишкекте тынч болду

Өткөн түнү Бишкекте тынч болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, калаада коомдук тартип бузулган фактылар жана морадерлук катталган жок.

"Милиция кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуун шаардыктардын коопсуздугун камсыздоону улантууда. Мамлекеттик же жеке менчик мүлккө кол салуу, талап-тоноо фактысы катталган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле таңкы саат беште комендаттык саат аяктаары менен коомдук транспорт ишин жандантып, учурда шаар тиричилигин адаттагыдай улантып жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости