www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус пандемиясынан улам чек араларды жаап салуунун эч кандай мааниси жок деп айтылган. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.
"Вирус эч кандай чек араны тандабайт. Жада калса чек аралардын жабылышы дагы вируска каршы күрөшүүнүн толук натыйжалуу каражаты эмес. Мунун бардыгын биз жазында эле сезип келгенбиз, бирок азыр ал уланып жатат", - деди Медведев.
Ал ошондой эле өлкөлөр ортосунда “ишенбөөчүлүк дубалы” болсо дагы, дүйнөлүк окумуштуулар пандемияга каршы биргелешип күрөшүшү керектигин баса белгиледи. Учурда Россия коронавирус инфекциясы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Россияда коронавирустун 1,5 миллионго жакын учуру аныкталды. Бул коркунучтуу вирустан 23 миңден ашуун адам көз жумган.
Дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккан 38 миллиондон ашуун адам бар. 1 миллиондон ашуун адам каза болгон.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg