www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери салык инспекциясы жана санэпидстанция өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Шаар аймагындагы соода түйүндөрү, базарлар, чакан дүкөндөр, банктар, сулуулук салондору көзөмөлгө алынды. Бул жайларда эмгектенген жарандарга оорунун алдын алуу үчүн сактануу зарылдыгы айтылды. Коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалдары текшерүүгө алынып, кемчиликтерди жоюу талаптары коюлду. Ашканаларда жарандар ортосундагы аралыкты сактоо жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоо керектиги эскертилди.

Милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттин алдын алууда ар бир жаран этият болуп, тиешелүү медициналык каражаттарды жанына алып жүрүүгө чакырышты. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости