www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте акы төлөп унаа токтотуучу жайлар ачылды

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитет акы төлөнүүчү жайлардын автоматташтырылган системасы ишке киргенге чейин акы төлөнүүчү убактылуу зоналарды ишке берүүнү чечти.

Тизмеси төмөндө:

Бейшеналиева көчөсүнүн Москвадан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;

Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиевадан Ала-Арча дарыясына чейинки бөлүгү;

Павлов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киевге чейинки бөлүгү;

Киев көчөсүнүн Жаш гвардия проспектисинен Бейшеналиевага чейинки бөлүгү;

Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайский туюк көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки ("Комфорт" соода борбору) бөлүгү;

Безымянный көчөсүнүн Юнусалиевден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (Орто-Сай базары);

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;

Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросовго чейинки бөлүгү.

Акы төлөнүүчү муниципалдык жайларды жол белгилери аркылуу билүүгө болот. Ошондой эле кызматкерлер "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар саргыч түстөгү атайын чыптамаларды кийип жүрүшөт. Бирдиктүү тариф — 25 сом.

Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости