www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди 28-мартта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
26-мартта борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрь айынан 2-январга чейин Аламүдүн районунун Байтик айылындагы жер тилкелерине жана Бишкектеги батирлерге 334 миң доллар төлөп, бирок алданып калган.
Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча каттоого алынды.
Милиция 1990-жылы туулган А.И. аттуу шектүү жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Укук коргоо органдары дагы башка фактылар болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Ушул себептен улам, кармалган жарандын аракеттеринен жапа чеккендер же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, 0(703) 87-46-91 же 102 телефондору аркылуу кабарлай алышат.