www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

Ведомстводон белгилешкендей, кабыл алынган өзгөртүүлөр миграциялык процесстерди мындан ары тартипке келтирүүгө, чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу механизмдерин жеңилдетүүгө, ошондой эле кирүү жана жүрүү үчүн так, ачык-айкын, ийкемдүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Тактап айтканда, этникалык кыргыздардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусун жөнгө салууну караган атайын норма киргизилди.

Ага ылайык, мурда белгиленген мөөнөттөн өтүп кетип, уруксат берүүчү документтерди өз убагында тариздебеген адамдарга Кыргызстандын аймагына бир жолу кирүү укугу берилип 30 жумушчу күндүн ичинде өз укуктук макамын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Мындан улам министрлик чет өлкөлүк жарандарды жана кабыл алуучу тараптарды Кыргызстандын аймагында жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн так сактоого чакырат жана өлкөнүн аймагында жүрүүнү пландаштырууда күчүнө кирген өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайт.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости