www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алтын куймаларын саткан дүкөн ачылды

Бүгүн Бишкекте «Кыргызалтын» ААКда ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган алтындын чендик куймалары сатылуучу фирмалык дүкөн ачылды.

Компаниядан билдиришкендей, эми алтындын чендик куймалары республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү болот.

Алтындын чендик куймалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сатыкка чыгат: 1 грамм, 2 грамм, 10 грамм, 20 грамм.

Ошондой эле сентябрь айынын аягына чейин 5 грамм, 31,1035 грамм (1 унция), 50 грамм жана 100 грамм өлчөмдөгү алтындын чендик куймалары сатып алуучуларга сунушталат.

Чендик куймаларды сатууда куймалардын аныктыгын тастыктаган милдеттүү түрдө өзүнчө QR-коддун тиркелүүсү менен ишке ашырылат.

Чендик куймаларды сатуунун жана кайра сатып алуунун баасы Лондондун баалуу металлдар биржасындагы баанын негизинде күн сайын белгиленет.

Чендик куймаларды сатуунун максаты инвестициялык чөйрөдөгү керектөөнү канааттандыруу жана аларды инвестициялык актив катары пайдалануу. Чендик куймалардагы баалуу металлдар — эстелик үчүн жана баалуу белек катары колдонууга болот.

Белгилей кетсек, алтын куймаларына инвестиция салуу — каражаттарды сактоонун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Алтын куймалары, биринчи кезекте, келечекте узак мөөнөткө сактоо үчүн чыгарылган. Валюта рыногундагы баанын туруксуздук мезгилинде көпчүлүк инвесторлор баасы туруктуу болгон алтындын курсуна басым жасоо менен өз каражаттарын металл рыногуна инвестициялоону ишенимдүү деп эсептешет. Алтынга болгон инвестициялар алтындын дүйнөлүк баасынын өзгөрүүсүнөн да, валюта курсунун өзгөрүүсүнөн да пайда алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Последние новости