www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Санкт-Петербург шаарында 6-кабаттан кулап кеткен кыргыз жараны тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу комментарий берди берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 3-сентябрда болжол менен саат 02.00дө полиция кызматы окуя болгон жерге келген. Жабыркаган кыз жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле окуяга тиешеси бар деген шек менен эки кыргыз жараны - 2001-жылы туулган М.Б. жана 2001-жылы туулган С.Ш. кармалган. Россиянын укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү иштер жүрүп жатат.

Жабыркаган жаран, 2002-жылы туулган А.Б. учурда ооруканада жана анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Бул факт Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө жана консулдук Россиянын тиешелүү органдары менен байланышта.

Последние новости