www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте скутер айдаган жаран эки жөө адамды сүзүп, бири каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда болжол менен саат 21:15тер чамасында скутер айдаган 32 жаштагы жаран (Д.Т.) Чүй проспектиси менен баратып, 29 жана 31 жаштагы эки адамды сүзүп, андан кийин Hyundai Sonata унаасы менен кагылышкан. Кырсык болгон учурда эки жөө адам унаалар жүргөн жолдун жарымын кесип өтүп, жолду бөлүп турган чийинде турган (жөө өтмөктө эмес).

Жыйынтыгында 31 жаштагы жаран (С.Т.) окуя болгон жерде көз жумган. Экинчи адам (С.Н.) Улуттук госпиталга түшкөн.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жол кырсыгына кабылган жарандын баары суралган. Аны менен бирге тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Ошол эле учурда скутердин 32 жаштагы айдоочусу Д.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Иликтөө иштери уланууда.

Последние новости