www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 22 жаштагы жигит үрөй учурган кылмышка шектелүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал апасын мууздап, денесинин бөлүктөрүн ашканада сууга кайнатып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу "Каганат" медиа ИИМдин маалыматына таяп жазып чыкты.
Болгон окуя, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн батиринен жагымсыз жыт чыгып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Чакыруу боюнча милициянын аймактык инспектору барган. Ал батирге киргенде аялдын жансыз денесин көргөн.
Батирде 2003-жылы туулган жигит болгон. Ал ашканада мештин үстүндө казанга эт кайнатып жаткан. Текшерүүдөн соң 1976-жылы туулган апасынын денесинин бөлүктөрү экени, ал эми калган бөлүгү муздаткычта болгону аныкталган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган.